Португалиянын Кошта-да-Капарика шаарынын тургуну унаасында кийим алмаштырып жатып каза богон. Бул тууралуу Jornal de Notícias порталы жазып чыкты.
"Анын денесин Кошта-да-Капарикадагы пляждын жанынан өтүп бара жаткандар тапкан. Ал чирип, жыттана баштаган",- деп айтылат макалада.
Окуя болгон жерге куткаруучулар барып, полиция чакыртылды.
Укук коргоо кызматкерлери далилдерди иликтеп, 50 жаштагы аялдын өлүмү кылмыштын мүнөзүнө ээ эмес деген бүтүмгө келишкен. Ал багажда кийим алмаштырып жатканда жүрөгү токтоп калган дешкен.
Кошумчалай кетсек, унаадан табылган нерселер маркумдун унаада жашаганын далилдеген.
Учурда сөөк соттук-медициналык экспертиза институтуна жөнөтүлдү. Өлүмдүн так себебин аныктоо үчүн экспертиза жүргүзүлмөкчү.