Швейцарияда өтүп жаткан парламент төрагаларынын Бүткүл дүйнөлүк конференциясында Орусия парламентинин төрайымы Валентина Матвиенконун сүйлөгөн сөзүн иш-чарага катышкандардын айрымдары укпастан залдан чыгып кетишти.
Интернеттен желесине тараган видеодон Матвиенконун сөзүнүн башында бир нече ондогон кишилер залдан чыгып жатышканын көрүүгө болот. Окуя кечээ, 30-июлда болгон. Азырынча орусиялык делегацияны бойкоттоого так кимдер катышканы белгисиз.
Айта кетсек, 29-июлда Женевада башталган парламент спикерлеринин Бүткүл дүйнөлүк конференциясы 31-июль күнү жыйынтыкталат.