Оштун Алай районундагы "Пилорама" ишканасы жер тилкеси менен бирге мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Атайын кызмат 2017-жылы Сопу-Коргон айыл башкармалыгынын алдындагы "Пилорама" муниципалдык ишканасынын мүлкү жалпы аянты 57 сотых болгон жер тилкеси менен бирге жеке менчикке өтүп кеткени аныкталганын белгиледи.
Жүргүзүлгөн тиешелүү иштердин жүрүшүндө административдик имарат жана анын жер участогу ыктыярдуу түрдө мамлекеттин балансына өткөрүлүп берилген.
УКМК мурда жеке менчикке мыйзамсыз чыгарылган объекттерди аныктоо жана мамлекеттин балансына кайтаруу иштери улантылып жатканын кошумчалады.