Биз социалдык тармакта

АКШ Иранга байланыштуу жүк ташуу тармагына санкция киргизди

АКШнын Каржы министрлиги Иран менен Орусиядан мунай жана мунай заттарын ташууга байланыштуу 115тен ашуун жеке адамдарга жана уюмдарга каршы санкция жарыялады. Бул тууралуу министрликтин "Иранга байланыштуу жүк ташуу тармагы" боюнча тараткан расмий билдирүүсүндө айтылды.

Билдирүүдө АКШнын Чет элдик активдерди көзөмөлдөө башкармалыгы (OFAC) Иран жана Орусиядан мунай жана мунайзаттарын ташуу ишмердүүлүгүнө тиешеси бар делген адамдар менен уюмдарды санкция тизмесине киргизгени белгиленди.

Мындан тышкары, бул чара 2018-жылдан бери Иранга каршы салынган эн чоң санкция кадамы экени айтылат.

АКШнын каржы министри Скотт Бессент бул санкциялар АКШнын улуттук коопсуздугун биринчи орунга коёрун белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан