Камчаткадагы жер титирөө учурунда 14 жаштагы кыз төрөдү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, төрөт учурунда кыздын жанында анын 35 жаштагы апасы, анестезиолог жана акушер болгон. Дарыгерлер коркуп калган кызды тынчтандырып, жер титирөөнүн күчөгөн учурунда төрөтүн кабыл алышкан.
Төрөт жакшы өтүп, 2950 салмактагы дени сак кыз төрөлгөн. Ымыркайдын атын Эвелина деп коюшкан. Үй-бүлө дарыгерлерди мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүүнү жергиликтүү бийликтен суранмакчы.
Белгилей кетсек, 30-июлда күчү 8,5 баллга жеткен жер титирөө болгон. Жер титирөөнүн очогу Елизовский районунда байкалган. Петропавловск-Камчатский жана Северо-Курильск шаарларында да сезилген.