Кыргызстандын үч балбаны Польшадагы мелдеште коло утушту

Кыргыз балбандары Польшада өтүп жаткан эл аралык турнирде 3 коло медаль жеңишти. Бул тууралуу бүгүн, 31-июлда Дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.
Маалым болгондой, грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама команданын мүчөлөрү “Pytlasinski” эл аралык турниринин биринчи күнүндө жеңишке жетишти. Аталган турнирде Асан Жанышов 87 килограмм салмакта, Ырыскелди Максатбек уулу 77 килограмм салмакта жана Ырыскелди Хамзаев 72 килограмм салмакта күрөшүп, коло медаль багындырды.
Белгиленгендей, турнир Владислав Пытлясинскийдин жаркын элесине арналып, кечээ, 30-июлда Варшавада башталды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан