Литванын премьер-министри Гинтаутас Палуцкас кызматтан кетерин билдирди. Бул тууралуу чет элдик журналисттерге өлкөнүн президенти Гитанас Науседа билдирди.
"Бүгүнкү жаңылык - Гинтаутас Палуцкас мага телефон чалып, кызматтан кетерин жарыялады",- деп белгилеген президент.
Науседанын айтымында, премьер-министр кызматтан кеткенден кийин өкмөттүн саясаты түп-тамырынан бери өзгөрбөйт.
24-июлда Науседа Палуцкастан эки жуманын ичинде ага байланышкан чыр-чатактын тегерегиндеги кырдаалды тактап берүүнү же кызматтан кетүү тууралуу ойлонуп көрүүнү талап кылган. Ультиматумдун негизи жемкорлукка байланыштуу. Каржы полициясы сотко чейинки өндүрүш иштерин баштады.