Социалдык тармактарда Ысык-Көлдө мушташып жаткан жигиттер тартылган видео тарады.
Облустук милиция окуя 4 күн мурун, тагыраагы, 27-июлда Чолпон-Ата шаарындагы "Көгүлтүр Ысык-Көл" эс алуу жайында болгонун тастыктады. Анда аталган санаториянын куткаруучусу менен эс алуучулардын ортосунда пикир келишпестик жаралган. Чыр катамаранды ижарага алуу учурунда болгон.
Факт каттоого алынып, текшерүү иштери башталган. Бирок эки тарап тең арыз жазуудан жана соттук-медициналык экспертизадан өтүүдөн баш тартышкан.