
Казакстандын премьер-министринин орун басары, тышкы иштер министри
Мурат Нуртлеу 1-2-августта Кыргызстанга расмий сапар менен келет. Бул тууралуу бүгүн, 31-июлда ТИМдин маалымат кызматы билдирди.
Маалым болгондой, Кыргызстан менен Казакстандын ТИМ башчыларынын саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда кыргыз-казак мамилелерин мындан ары чыңдоого багытталган сүйлөшүүлөрү болот.