Орусиянын Санкт-Петербург шаарында жаңы төрөлгөн ымыркай ата-энесинин адаттан тыш аракеттеринен улам ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу Mash басылмасы билдирди.
Маалыматка ылайык, ата-эне интернеттен "баланын киндигин тиштеп алсаң, ал оорубай чоңоёт" дегенди окуп алышып, ымыркай төрөлгөндөн кийин атасы бул аракетти жасаган.
Наристенин киндигинен кан агып, ата-эне "Тез жардам" чакырууга аргасыз болушкан. Дарыгерлер бардык керектүү жардамдарды көрсөтүшүп, баланын өмүрүн сактап калышкан. Учурда баланын абалы жакшы болуп калганы айтылат.