
Бүгүн, 31-июлда Польшада өтүп жаткан грек-рим күрөшү боюнча Pytlasinski эл аралык турниринин экинчи күнүндө кыргыз балбаны
Акыйкат Күлжигит уулу чемпион аталды.
Дене тарбия жана спорт агенттиги билдиргендей, ал 55 килограмм салмак категориясында күч сынашып, бардык атаандаштарын жеңип өтүп, алтын медалга ээ болду.
Белгиленгендей, турнир Владислав Пытлясинскийдин жаркын элесине арналып, кечээ, 30-июлда Варшавада башталды.