Польшада өтүп жаткан грек-рим күрөшү боюнча Pytlasinski эл аралык турниринде кыргыз балбаны Жоламан Шаршенбеков алтын медаль утту.
Ал мелдешке 63 килограмм салмак ченинде катышты.
Финалдык беттеште балбан казакстандык атаандашын 4:0 эсебинде утуп, жеңишти камсыздады.
Айта кетсек, турнир Владислав Пытлясинскийдин жаркын элесине арналып, кечээ, 30-июлда Варшавада башталган.
Видео: prosportskgz