АКШ президенти Дональд Трамп 1-августтан тарта Канадага карата соода тарифтерин 25 пайыздан 35ке чейин жогорулатуу боюнча буйрукка кол койду. Бул тууралуу Ак үй кабарлады.
Чет элдик ЖМКлардын маалыматы боюнча, мындай чечим коңшу өлкөлөр АКШ коюп берген мөөнөттө келишимге келе албагандыктан кабыл алынды.
"Жаңы, жогорулатылган тариф 2025-жылдын 1-августунда күчүнө кирет. Тарифти жогорулатуунун негизги себеби катары Канада баңгизаттардын АКШга өтүшүн токтото албагандыгы көрсөтүлгөн",- деп айтылат жарыяланган билдирүүдө.
Буга чейин Канаданын премьер-министри Марк Карни Палестина мамлекетин таануу ниетин билдиргенден кийин Трамп АКШ менен Канада ортосунда соода келишимине жетишүү кыйын болорун айткан.