АКШ Украина жана башка өлкөлөр үчүн AMRAAM тибиндеги ракеталарды сатып алууга 3,5 миллиард доллар бөлөт. Бул тууралуу Пентагон 31-июлда өзүнүн расмий сайтында билдиргенин чет элдик басылмалар жазышууда.
"Raytheon" компаниясы менен (Аризона штаты) орто аралыктагы AMRAAM ракеталарын чыгарууга 3,5 миллиард долларлык баа менен чектелбеген контракт түзүлдү",- деп айтылат билдирүүдө.
Украинадан тышкары келишим Данияга, Германияга, Польшага, Улуу Британияга, Израилге жана башка өлкөлөргө аскердик жеткирүүлөрдү да камтыйт. Ал 2031-жылдын үчүнчү чейрегине чейин аткарылып бүтүшү күтүлүүдө.
Ошондой эле, 30-июлда америкалык саясат таануучу Жон Миршаймер АКШ президенти Дональд Трамп Киевге курал-жарак жеткирүүнү улантууну каалабай жатканын жана Украина жеңилип калышы мүмкүн экенин билдирген. Ал АКШнын экономикасы бир жагынан Европанын эсебинен пайда көрүп жатканын белгилеген.