Биз социалдык тармакта

АКШ кайрадан 10дон ашык өлкөгө бажы салыгын киргизди

АКШнын президенти Дональд Трамп импорттук бажы төлөмдөрүн киргизүү тууралуу жарлыктарга кол койду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Bloomberg агенттигинин маалыматына караганда, АКШнын соода өнөктөштөрү үч топко бөлүнгөн. Көпчүлүк өлкөлөр үчүн 10 пайыздык негизги бажы төлөмү апрель айынан бери сакталууда. Бул тариф АКШ экспорттогон товарлардын көлөмү импорттон жогору болгон өлкөлөргө колдонулат.

15 пайыздык минималдуу бажы төлөмү соода дефицити аз болгон болжол менен 40 өлкөгө таандык болот. Ал эми АКШ менен келишим түзбөгөн же АКШга карата чоң соода дефицити бар өлкөлөр үчүн жогору бажы төлөмдөрү каралган.

Ак үй жарыялаган тизмеге ылайык, максималдуу бажы төлөмдөрү Сирияга (41 пайыз), Лаос менен Мьянмага (ар бири 40 пайыз), Швейцарияга (39 пайыз), Ирак менен Сербияга (ар бири 35 пайыз), ошондой эле Алжир, Босния жана Герцеговина, Ливия жана Түштүк Африка Республикасына (ар бири 30 пайыз) киргизилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан