Биз социалдык тармакта

Караколдо сот отурумунун мурдагы катчысы судьянын атын жамынып опузалады деп айыпталууда (видео)

Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык сотунун соттук отурумдарынын мурдагы катчысы О.К. аттуу жаран 70 миң сом өлчөмүндө пара алып кармалды. Бул тууралуу бугүн, 1-августта УКМКнын маалымат борбору билдирди.

Маалым болгондой, кармалган жаран сот отурумдарынын катчысы болуп иштеп жүргөн кезде Каракол шаардык сотунун судьясы А.А.нын атын жамынып, жарандык иш боюнча оң чечим чыгарууга көмөктөшөм деген шылтоо менен жабырлануучудан опузалап акча талап кылган.

Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, аталган судьянын тиешеси бар же жогу аныкталууда.

УКМК
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан