Ысык-Көл облусунун Кажы-Сай айылында 31-июлда сел жүрдү. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Маалымдалгандай, нөшөрлүү жаандан улам кокту-колоттордон келген сел суусу эңкейиш жерде жайгашкан турак үйдүн короосун каптады. Турак үйдөн аял киши жана кыз өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн куткаруучулары тарабынан коопсуз жайга чыгарылып, короосу тазаланды.