Биз социалдык тармакта

Президент Ысык-Ата районуна жаңы аким дайындады

Чүй облусунун Ысык-Ата районунун акими Эркеайым Сейтказиева ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, тиешелүү тескемеге мамлекет башчысы Садыр Жапаров кол койгон.

Белгилей өтсөк, Сейитказиева аталган кызматка ушул жылдын март айында дайындалган.

Президенттин дагы бир жарлыгына ылайык, Ысык-Ата районунун акими болуп Алмазбек Рахманкулов дайындалды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан