Биз социалдык тармакта

Колумбиянын мурдагы президенти Альваро Урибе 12 жылга үй камагына кесилди

Колумбиядагы сот өлкөнүн мурдагы президенти Альваро Урибени 12 жылга үй камагына кести. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазышты.

Маалым болгондой, ал күбөлөргө басым жана процессуалдык алдамчылык боюнча күнөөлүү деп табылган.

"Колумбиянын мурдагы президенти Альваро Урибе (2002-2010-жылдары өлкө башкарган) көрсөтмөлөрдү бурмалоо жана процессуалдык алдамчылык менен байланышкан кылмыштар үчүн 12 жылга үй камагына кесилди", - деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле Урибеге 822 миң доллар айып пул салынып, мамлекеттик кызматтарды ээлөөгө 8 жылдан ашык мөөнөткө тыюу салынды.
Reuters жазгандай, бул иш боюнча соттук жараян 13 жылга созулган. 73 жаштагы Урибе кылмыш иши боюнча айыпталып, соттолгон Колумбиядагы алгачкы экс-президент болуп калды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан