Жол тескөөчүлөргө баш ийбей качкан айдоочу аныкталды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгы бүгүн, 3-августта билдирди.
Кабарлангандай, унааны токтоткон маалда айдоочу кызматкерлердин мыйзамдуу талаптарына баш ийбей, унаасынан чыгып жөө качкан. Бирок бир нече убакыттан кийин кайра кармалган.
"Унааны айып короого киргизип жаткан учурда айдоочу коопсуздук куру менен өзүн муунткан. Бирок жол тескөөчүлөр бул аракетине тоскоолдук жаратышкан", - деп билдирди милициядан.
Айдоочу жакынкы милиция бөлүмүнө жеткирилип, унаа айып короого киргизилди.