Кыргызстандын самбо боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Жамалбек Асылбек уулу жана Бекболот Токтогонов Сингапурда өткөн кум үстүндөгү самбо боюнча дүйнө чемпиондугунда байгелүү орундарга ээ болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик комитетинен билдиришти.
88 килограммга чейинки салмакта Жамалбек Асылбек уулу жана +88 килограммга чейинки салмак категориясында Бекболот Токтогонов күмүш медалга ээ болушту.
Улуттук курама самбо федерациясынын президенти Азим Ибраевдин жетекчилиги алдында мелдешке катышты.
Эске салсак, мелдеш 2-3-август күндөрү өтүп, Кыргызстандын курама командасы биринчи жолу дүйнө биринчилигине катышты.