Биз социалдык тармакта

Кара-Балтада дүкөндөгү чыр боюнча Чүй ОИИББ маалымат берди

Кара-Балтада дүкөндөгү чыр боюнча Чүй ОИИББ билдирүү таратты.
Маалыматка ылайык, 2-августта саат 00:40 чамасында Жайыл РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Кара-Балта шаарындагы соода борборлорунун биринде чыр-чатак чыккандыгы тууралуу билдирүү келип түшкөн.
Факт Жайыл РИИБиге катталып, текшерүү жүргүзүлгөн. Алгач бул окуя боюнча тараптар арыз жазуудан баш тартышып, дооматтары жок экенин билдиришкен. Кийинчерээк тараптардын бири Т.А. аттуу жаран бул окуя боюнча ички иштер бөлүмүнө кайрылып, чара көрүү өтүнүчүн билдирген.
Учурда окуя боюнча экспертиза дайындалып, текшерүү иштери жүргүзүлүүдө. Жыйынтыгына жараша өлкөнүн мыйзамдарына ылайык чечим кабыл алынат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан