Биз социалдык тармакта

Анапияевдердин мурда ээлик кылып жүргөн мүлктөрү мамлекетке кайтарылды (фото, видео)

Ош облусунун Чоң-Алай районундагы жалпы аянты 12,68 гектар жер тилкелерин менчиктештирүүдө жана мыйзамсыз түрдө жеке менчикке өткөрүүдө мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 4-августта Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Тергөөгө чейинки иш-чаралардын жүрүшүндө, уюшкан кылымыштуу топтун лидери Алмамбет Анапияевдин туугандарынын мыйзамсыз ээлеп жүргөн мүлктөрү, тагыраагы, Ош облусунун Чоң-Алай районунун Дароот-Коргон айылындагы жалпы аянты 0,7 гектар жер тилкеси, 749,65 чарчы метр административдик имарат жана 0,14 гектар май куюучу жай дүкөнү, ошондой эле Бурган-Суу айылындагы аянты 11,84 гектар түзгөн жер тилкеси мамлекетке кайтарылды.

УКМК мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкелерин, ишканаларды жана мекемелерди аныктоо жана мамлекеттик баланска кайтаруу боюнча иштер улланып жатканын кошумчалады.

видео
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан