Биз социалдык тармакта

Казакстандык космонавт Талгат Мусабаев дүйнөдөн кайтты

Казакстандык космонавт-учкуч Талгат Мусабаев 75 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу бүгүн, 4-августта казак басылмалары жазышты.

Мусабаев карьерасында үч ирет, тагыраагы 1994-жылы, 1998 жана 2001-жылы космоско учуп чыккан. Жалпысынан космосто 43 саат 46 мүнөт болгон жана 8 жолу ачык космоско чыккан.

2000-жылдардын башында ал Казакстандын армиялык авиация башкармалыгынын согуштук даярдык бөлүмүнүн башчысы, андан кийин Жуковский атындагы Аскердик-аба инженердик академиясынын жетекчи орун басары кызматтарын аркалаган. Кийинчерээк ал Орусия-Казакстан биргелешкен "Байтерек" долбоорунун жетекчиси, Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Аэрокосмостук комитеттин жана Казакстандын Улуттук космостук агенттигинин башчысы болгон.

2017-жылдан 2023-жылга чейин Талгат Мусабаев Казакстан парламентинде депутат болгон.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев көрүнүктүү космонавт, улуттук баатыр жана коомдук ишмер Талгат Мусабаевдин каза болгонуна байланыштуу көңүл айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан