UFC уюмунун мурдагы спортчусу Хабиб Нурмагомедов мушкер Мухаммед Алини акыркы 100 жылдагы эң мыкты спортчу деп атады. Бул тууралуу Red Corner MMA басылмасы жазып чыкты.
"Мухаммед Али - соңку 100 жыл ичинде Жер планасындагы эң улуу спортчу. Флойд Мейвезердин адамдык сапаттарына карагылачы, эч ким ага окшош болууну каалабайт. Ал эми Мухаммед Алини карагылачы",- деди Хабиб.
Мухаммед Али - 1960-жылкы Олимпиаданын жарым оор салмактагы чемпиону, оор салмакта абсолюттук дүйнө чемпиону, "Жылдын мушкери" жана башка наамдардын ээси болгон.
2022-жылы Алинин Дүйнөлүк бокс кеңеши (WBC) тарабынан берилген чемпиондук куру 6 миллион долларга сатылган.