Биз социалдык тармакта

Жеңилип жаткан хоккейчинин апасы муз үстүндө жаңжал чыгарды (видео)

Прагада өтүп жаткан Summer Lions жаштар арасындагы хоккей турниринде күтүлбөгөн окуя болду. Жеңилип жаткан команданын оюнчусунун апасы муз аянтчасына чыгып, калыстар менен уруша кетти.

Маалым болгондой, командалардын бири 9:0 эсебинде алдыда келе жаткан. Ошол маалда калыстар каршылаш командага бир нече айыптарды салган. Буга трибунада отурган аял чыдай албай, түз эле муз аянтчасына чуркап чыккан.

Аял калыстарга кыйкырып, нааразычылык билдирген. Окуяга дароо турнирди уюштуруучулар жана коопсуздук кызматкерлери кийлигишип, аялды аянтчадан чыгарып кетишкен.

Маалыматтарга ылайык, бул окуя 2010-жылы төрөлгөн жаш хоккейчилердин катышуусундагы оюн учурунда болгон.

видео
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан