Австралиянын эң көп эл жашаган штаты Жаңы Түштүк Уэльстин түндүк райондорунда 40 сантиметрге чейин кар жаап, бул көрүнүш 1980-жылдардын ортосунан бери биринчи жолу катталууда. Көптөгөн шаарлар кар алдында калып, ал эми жергиликтүү тургундар мындай калың карды өмүрүндө биринчи жолу көргөнүн айтып жатышат.
Кардан улам 100дөн ашык унаа жолдо калып, он миңдеген үйлөр жарыксыз калды.
Ошондой эле куткаруучулар 26 жаштагы аялды издөө иштерин жүргүзүп жатышат. Ал Хантер өрөөнүндө суу каптаган жолдон автоунаа менен өтүүгө аракет кылган учурда, капысынан унаадан чыгып кетип, суунун агымы аны агызып кеткен.