Бразилия жээгинде акыркы 25 жылдагы эң ири мунай жана газ кени болгон жаңы жер казынасы аныкталды. Бул тууралуу Financial Times гезити 4-августта кабарлады.
Жаңы кен Сантос бассейнинде, Рио-де-Жанейродон болжол менен 400 чакырым алыстыкта жайгашкан жана аянты 300 чарчы чакырымдан ашат. Мындан кийин кенди тапкан "BP" компаниясынын акциялары 1,2%га өстү.
"Бул ачылыш компания үчүн 1999-жылы Каспий деңизиндеги Шах-Дениз кенинин табылышынан берки эң чоңу болуп калды. Ал кенде болжол менен 35 триллион куб фут газ бар", - деп белгиленген маалыматта.
Ошондой эле бул жаңы кенде көмүр кычкыл газынын деңгээли жогору экенин кошумчаланды. Бул мунай казып алууну татаалдатат жана кайра иштетүүгө кеткен чыгымдарды көбөйтөт.