Биз социалдык тармакта

Ошто мурунку ЖКнын төрагаларына, элчиге, прокуратура кызматкерине таандык имараттар бузулууда (видео)

Ош шаарында Ак-Буура дарыясын бойлото салынган курулуштар бузулууда. Алар жалаң гана бийлик бутактарында иштегендерге таандык экендигин бүгүн, 4-августта мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Анда айтылгандай, имараттар Насирдин Исанов көчөсүндөгү жашыл зоналарга, дарыянын корук аймактарына мыйзамсыз курулган.

- "Эрдент" тиш дарылоо клиникасы – Ош шаардык жана Жалал-Абад шаардык салык кызматынын мурдагы жетекчиси, өмүр бою салык кызматында иштеген Эрмек Чоюновго таандык.
- "Байсан" рестораны – Жогорку Кеңештин экс-төрагасы жана депутаты, учурунда Социалдык фонддун тѳрагасы, Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы, Финансы министринин орун басары болуп турган Ахматбек Келдибековго караштуу.
- Автомектептин имараты – Жогорку Кеңештин буга чейинки бир нече чакырылышынын депутаты, ЖКнын экс-төрагасы Асылбек Жээнбековго тиешелүү. Белгилей кетсек ал мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун бир тууганы.
- "Жетиген" рестораны, эс алуучу жай – кезегинде Ош шаарынын вице-мэри, акыйкатчы, Америкадагы Кыргызстандын элчиси болуп иштеген Бактыбек Аманбаевге жана анын бир тууганы экс-депутат Урмат Аманбаевге таандык болгон.
"Жеңишбек Токторбаев мэр болуп келгенден тарта Ак-Бууранын жээгин, каналдардын айланасын бошотуу тапшырмасын коюп келет. Учурда бул багыттагы иштер колго алынып, мыйзам алдында баары бирдей каралып жатат", - деп кошумчаланды маалыматта.

Ош
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан