Лос-Анжелесте техно-музыкага арналган Hard Summer фестивалынан кийин уюштурулган кечеде болгон атышуудан эки адам каза таап, алты адам жаракат алды. Бул тууралуу бүгүн, 4-августта Associated Press агенттиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, полицияга түнкү саат 1лер чамасында ок атылганы тууралуу кабар түшкөн. Окуя болгон жерге келген тартип сакчылары бир адамдын каза болгонун жана бир нече кишинин жаракат алганын аныкташты.
Кийинчерээк дагы бир аял ооруканада каза тапканы маалым болду. Азырынча атышуу уюштурган адамдын өздүгү жана жаракат алгандардын абалы белгисиз. Тергөө иштери уланууда.