Биз социалдык тармакта

Касымалиевдин учагы Түркмөнстандын аэропортуна конду

Бүгүн, 4-августта Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев деңизге чыга албаган өнүгүп келе жаткан өлкөлөр боюнча БУУнун Үчүнчү конференциясына катышуу үчүн иш сапар менен Түркмөнстандын Аваза туристтик комплексине келди. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдирди.

Иш сапардын алкагында Касымалиев жыйында сөз сүйлөйт.

Мындан тышкары БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов, Непалдын премьер-министри Кхадга Прасад Шарма Оли менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

Ошондой эле Адылбек Касымалиев Борбор Азия жана Азербайжан мамлекеттеринин башчыларынын жогорку деңгээлдеги жолугушуусуна катышат. Маданий иш-чаралар да бар экени кошумчаланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан