Кытай мамлекеттик кызматкерлерине чет өлкөгө чыгууга тыюу салууда
Кытай мамлекеттик кызматкерлерине чет өлкөгө чыгууга тыюу салууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Тыюу бардык мамлекеттик кызматкерлерге тийиштүү. Алардын арасында мектеп мугалимдери, бала бакчанын тарбиячылары, дарыгерлер жана мамлекеттик ишканалардын жөнөкөй кызматкерлери жана мамлекеттик сырга ээ эмес адамдар да камтылат.
Кытайдын көпчүлүк провинцияларында чет өлкөдөн билим алып келген адамдарга айрым мамлекеттик кызматтарды ээлөөгө азырынча уруксат берилбейт.
Мындан тышкары, бийлик "бюджеттик" кызматкерлердин паспортторун дайыма чогултуп алып, аларды пенсияга чыккандан кийин да кайтарып бербей келет. Басылмалар бул кадамдарды бийликтин жарандардын саясий тартибин жана идеологиялык берилгендигин күчөтүү аракеттери менен байланыштырышат.
Учурда айрым жетекчилер кызматкерлеринин жеке социалдык тармактарына (мисалы, WeChat, Weibo) кирүү мүмкүнчүлүгүн да талап кылып жатканы айтылууда.