Биз социалдык тармакта

Рамзан Кадыровдун апасына "Херсон облусунун алдындагы кызматы үчүн" ордени тапшырылды

Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыровдун апасы Аймани Кадырова "Херсон облусунун алдындагы кызматы үчүн" I даражадагы ордени менен сыйланды. Сыйлыкты ага Чеченстандын өкмөтүнүн төрагасы Магомед Даудов тапшырды.

Аймани Кадырова - Ахмат Кадыров атындагы Регионалдык коомдук фонддун жетекчиси. Даудовдун айтымында, ал бул орденге "аймактагы атайын аскердик операция маалында коопсуздук кызматтарынын кызматташтыгын бекемдөөгө жана милдеттерди аткарууга кошкон чоң жеке салымы" үчүн татыган.

2022-жылы Аймани Кадыровага президент Владимир Путин тарабынан Ардак ордени тапшырылган. Ошондой эле ал Донецктин Достук ордени менен да сыйланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан