Биз социалдык тармакта

Ирандын түштүгүндө 5,4 баллдык жер титирөө катталды

Ирандын түштүгүндө жайгашкан Керман аймагында бүгүн, 5-августта 5,4 баллдык жер титирөө болду. Бул тууралуу Тегеран университетинин сейсмология борбору билдирди.

Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн борбору Керман аймагындагы Зехкелут шаарына жакын болгон. Жер титирөө жергиликтүү убакыт боюнча саат 08:36да сезилген.

Азырынча жабыркагандар же курмандыктар тууралуу расмий маалымат берилген жок. Тиешелүү кызматтар кырдаалды баалоо иштерин улантышууда.

Жергиликтүү элге коопсуздук чараларын сактоо эскертилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан