Биз социалдык тармакта

УКМК Бишкекте аткаминерди пара алып жаткан жеринен кармады (видео)

Бишкек шаардык мэриясындагы коррупциялык схема токтотулду. Бул тууралуу бүгүн, 5-августта УКМК билдирди.

Маалыматка ылайык, Свердлов районунун "Төмөнкү Ала-Арча" муниципалдык аймактык башкармалыгынын башчысынын орун басары Т.К. ири өлчөмдө пара талап кылган деген айып менен кармалган.

"Ал күйүүчү-майлоочу материалдарды сатуу пункттарын, ошондой эле акчалай компенсация үчүн мыйзамсыз ижарага алган муниципалдык жер тилкелерин өз коргоосуна алып, аталган иш менен системдүү түрдө алектенген. Козголгон кылмыш ишинин алкагында Т.К. 4-августта 2300 доллар акча каражатын өзүнүн иш бөлмөсүнөн пара катары алып жаткан жеринен кармалды",- деп айтылат маалыматта.

Ал УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Видео
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан