Биз социалдык тармакта

Бишкекте автобустун айдоочусуна кол салган аялдардын бири кармалды

Бишкекте коомдук транспорттун айдоочусуна кол салган эки аялдын бири кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБинин маалымат кызматы билдирди.
Буга чейин 2-августта автобустун айдоочусуна тоскоолдук жараткан аялдардын видеосу тарады.
Бул факт Ленин райондук милициясында катталып, материалдар коомдук коопсуздук кызматтарына өткөрүлүп берилген.
Текшерүү учурунда эки аялдын өздүктөрү такталды. Алардын бири — 1965-жылы туулган К.С. аттуу жаран экендиги аныкталып, ага карата Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 126-беренеси (“Майда бейбаштык”) боюнча административдик протокол түзүлүп, материалдар сотко жөнөтүлдү.
Экинчи катышуучу — 1991-жылы туулган К.Т. аттуу жаран боюнча да тиешелүү чаралар көрүлөт. Азыркы учурда ал Бишкек шаарынан сыртта болгондуктан, зарыл болгон процессуалдык аракеттер ал кайтып келгенден кийин жүргүзүлөт.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан