Биз социалдык тармакта

Камчатканын түштүк бөлүгү жер титирөөдөн кийин 2 метрге жылып кетти

30-июлда болгон жер титирөөдөн улам Камчатка жарым аралы 2 метрге жылып кеткен. Бул тууралуу Орусия Илимдер академиясынын Геофизикалык кызматынын Камчатка филиалы билдирди.

"30-июлдагы жер титирөөдөн кийин эң чоң косейсмикалык жылуулар жарым аралдын түштүк бөлүгүндө байкалды. Ал жерде жылыштар дээрлик 2 метрге жетти", — дешти окумуштуулар.

Мындай тыянакка РАН изилдөөлөрдү жана геодинамикалык байкоолорду жүргүзгөндөн кийин келишкен.

"Баарыбыз түштүк-чыгыш тарапка кыйла жакшы эле жылып кеттик окшойбуз", - деп кошумчалашты алар.

Камчаткада сейсмикалык активдүүлүк уланып жатат. Камчатка крайынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, жер титирөөдөн кийин магнитудасы 3,3төн 6,2ге чейин жеткен 680ден ашык афтершок катталган. Ал эми 4-августта Петропавловск-Камчатский шаарынан 144 чакырым алыста 5,8 магнитудалуу жаңы жер титирөө болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан