Биз социалдык тармакта

Өлкөдөгү жер титирөө боюнча толук маалымат берилди

Бүгүн, 5-августта саат 19:44тө Кыргызстандын аймагында MSK-64 шкаласына ылайык очогунда күчү 6 магнитудасына жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Жер титирөө Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Жай-Терек, Сары-Бээ айылдарында, Майлуу-Суу шаарында 5,5 балл, Жалал-Абад жана Токтогул шаарларында 4 балл, Токтогул шаарында 3,5 баллга чейин сезилди.

"Жер титирөөнүн очогу Сары-Бээ айылынан 17 чакырым түндүк чыгышта, Жай-Терек айылынан 17 чакырым түндүк батышта, Арсланбап айылынан 18 чакырым батышта, Кочкор-Ата шаарынан 35 чакырым түндүк чыгышта, Жалал-Абад шаарынан 50 чакырым түндүк батышта, Токтогул шаарынан 63 чакырым түштүк батышта жайгашты. Учурда жер жерлеринде жабыркагандар жана кыйроолор боюнча тактоо иштери жүрүүдө", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан