Жалал-Абаддагы 6
баллга жеткен жер титирөөгө байланыштуу өзгөчө кырдаалдар министри
Бообек Ажикеевдин тапшырмасы менен саат 20:00дө Жалал-Абад облустук башкармалыгына "Айгай" жарыяланды.
ӨКМдин маалымат борбору билдиргендей, Майлуу-Суу шаарындагы кырдаалды жеринен билүү жана Жарандык коргонуу комиссиясы менен тактоо иштерин жүргүзүү үчүн башкармалыктын башчысынын жетекчилигинде ыкчам топ тартылды.
Саат 21:00гө карата маалымат боюнча Базар-Коргон районунун Арстанбап-Ата айыл аймагынан 2 турак үйдүн, Сузак районунун Кыз-Кол айыл аймагындагы А.Жапарбаев мектебинин спорт залынын дубалдарында жарака кетип, жабыркаган.
Жарандык коргонуу кызматтары тактоо иштерин улантууда.