Биз социалдык тармакта

Индиядагы сел жүргөн айылда 100дөй адам дайынсыз болууда

Индиянын Уттаракханд штатындагы Дхарали айылында селдин кесепетинен төрт адам каза болуп, 100дөн ашуун жаран дайынсыз болууда. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазышты.

Маалым болгондой, Дхарали айылынын жанындагы дөңсөөдөн агып түшкөн катуу суу агымы бир топ үйлөрдү жууп кеткен. Окуя болгон жердеги күбөлөр бул көрүнүштү видеого тартып, социалдык тармактарга жарыялашкан.

"Абал оор. Төрт киши каза болуп, 100гө жакын адам дайынсыз болууда. Биз алардын коопсуздугу үчүн тынчсызданып, тиленип жатабыз",- деген Индиянын коргоо министри Санджай Сет.

Учурда аталган аймакта издөө-куткаруу иштери улантылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан