Биз социалдык тармакта

Хиросимада атомдук бомбалоонун курмандыктарын эскерүү аземи өттү

Бүгүн, 6-августта Япониянын Хиросима аймагында атомдук бомбалоонун курмандыктарын эскерүү аземи өттү. Анда Япониянын премьер-министри Сигэру Исиба жана шаар мэри Кадзуми Мацуи катышты. Бирок расмий өкүлдөр 1945-жылдын августунда ядролук курал колдонгон мамлекетти аташкан жок.

Премьер-министр Исиба: "80 жыл мурун ушул күнү атомдук бомба жарылып, болжол менен 100 миңден ашуун өмүр кыйылган, тирүү калгандар болсо өтө оор жана чыдамсыз күндөрдү баштан өткөрүшкөн. Премьер-министр катары мен атомдук бомбалоонун курмандыктарына кайгырам",- деди.

Шаар мэри болсо АКШ менен Орусия дүйнөдөгү ядролук куралдардын 90 пайызына ээ экенин гана белгиледи.

Атомдук жардыруунун курмандыктарын эскерүү салтанаттары жыл сайын 6-августта Хиросимадагы Тынчтык паркында өткөрүлөт. Бул аймак жарылуунун эпицентри болуп калган. Паркта болжол менен 70 миңдей табылбай калган шаар тургундарынын сөөгү жайгашкан жалпы көрүстөн бар.

1945-жылы Хиросимадагы атомдук бомбалоонун кесепетинен болжол менен 140 миң киши каза болсо, 9-августта АКШнын аба күчтөрү Нагасакиге таштаган бомбадан дагы 74 миңден ашык адам мерт болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан