Кыргыз улуттук классикалык күрөшү боюнча эл аралык мелдеш өтөт

31-августта Баткен облусунун Лейлек районундагы Раззаков шаарынын борбордук стадионунда Кыргыз улуттук классикалык күрөшү боюнча Абдурахман Момуновдун жаркын элесине арналган эл аралык мелдеш өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 6-августта Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Спорттук иш-чара Кыргыз улуттук классикалык күрөшүнүн Республикалык федерациясы тарабынан бекитилген эрежелерге ылайык уюштурулуп, 18 жаштан жогору курактагы кыргызстандык жана чет элдик балбандар катыша алат.

Катышуучулар 75, 90 жана 90+ килограммдык салмак категориялары боюнча мелдешке катышышат.

Мелдештин алкагында абсолюттук беттеш да өткөрүлүп, ага 90+ килограмм салмак чегинен жогору ар бир командадан бирден балбан катышса болот.

Таразага тартуу убактысы:
31-август, саат 09:00 – 11:00.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан