
Кыргызстанда биринчи жолу 40 кабаттуу премиум класстагы турак жайдын курулушу башталууда. Бул тууралуу бүгүн, 6-августта президенттин Иш башкармалыгынын башчысы
Каныбек Туманбаев билдирди.
Анын айтымында сейсмологиялык талаптардын баары эске алынат.
"Кыргызстанда 94 пайыз жер тилкеси тоолуу, ал эми 6 пайызы түздүк болуп саналат. Биздин шаарлар күн санап чоңоюп, калктын саны өсүүдө.
Сейсмологиялык талаптардын баары эске алынып, коопсуздук нормаларына жооп берген көп кабаттуу үйлөр курулат. Мамлекеттик ипотекалык компания президентибиздин тапшырмасына ылайык, ыргызстанда биринчи жолу 40 кабаттуу премиум класстагы турак жайдын курулушу башталууда", - деп билдирет Туманбаев.