Биз социалдык тармакта

Трамп Путин менен Уиткоффтун жолугушуусу боюнча эмне дейт?

АКШ президенти Дональд Трамп Орусиянын президенти Владимир Путин менен Ак үйдүн атайын өкүлү Стивен Уиткоффтун жолугушуусун "жогорку деңгээлде продуктивдүү" болду деп баалады.

Анын айтымында, сүйлөшүү чоң жылыштарга жетишилди.

"Москвадагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы тууралуу АКШнын Европадагы айрым союздаштарын кабардар кылдым", - деп кошумчалады Трамп.

Ошондой эле ал Украинадагы жаңжалды токтотуу багытында активдүү иш алып барууга ниеттенип жатканын билдирди.

Бүгүн Владимир Путин Кремлде Стивен Уиткофф менен жолугуп, сүйлөшүү үч сааттан ашык созулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан