АКШда 22 жаштагы Тейлор Адам Ли аттуу аскер кызматкери Орусиянын пайдасына тыңчылык кылууга шектелип камакка алынды. Бул тууралуу АКШнын Адилет министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, Техас штатында кызмат өтөгөн Ли улуттук коопсуздукка тиешелүү жашыруун маалыматтарды чет мамлекетке өткөрүүгө аракет кылган жана экспорттук мыйзамдарды бузган деп айыпталууда.
"Айыптоого ылайык, шектүү өлкөнүн негизги согуштук танкы болгон M1A2 Abrams’тын иштеши тууралуу жашыруун маалыматты Орусияга өткөрүүгө аракет кылган",- деп билдирди АКШнын Башкы прокурорунун улуттук коопсуздук боюнча жардамчысы Жон Айзенберг.
ФБР билдиргендей, Ли бул маалыматтарды Орусиянын чалгындоо кызматкеримин деген адамга өткөрүп берип, анын ордуна орус жарандыгын алууга үмүттөнгөн.
Сот документтерине ылайык, Ли 2025-жылдын май айынан бери Орусиянын Коргоо министрлиги менен байланыш түзүүгө аракет кылган. Ал июнь айында Abrams танкы боюнча техникалык маалыматты интернет аркылуу өткөрүп бергени, ал эми июлда "орус бийлигинин өкүлү" деп эсептеген адам менен бетме-бет жолугуп, ага жашыруун маалымат сакталган SD-картаны тапшырганы айтылууда.