Биз социалдык тармакта

Орусияда үч адам колго жасалган алкоголдук ичимдик ичип каза болду

Орусиянын Краснодар аймагында үч адам базардан колго жасалган алкоголдук ичимдикти ичип каза болду. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Ички иштер министрлигинин өкүлү Ирина Волк Telegram баракчасына билдирди.

Полиция Краснодардын эки тургунун кармады. Алар "Казачий" базарында колго жасалган спирт ичимдиктерин саткан деп шектелүүдө. Ичимдикти сатып алгандан кийин бир нече адам өздөрүн жаман сезишкен. Алар уулануунун белгилери менен медициналык мекемеге жеткирилген. Алардан үчөө каза болгон.

"Коопсуздук талаптарына жооп бербеген кызмат көрсөтүү" беренеси менен кылмыш иши козголду. Базарда сатылган алкоголдук ичимдиктер текшерүүгө жөнөтүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан