Багам аралдарында америкалык туристке акула кол салды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, окуя Абако аймагындагы Манджак Кей аралына жакын жерде, турист достору менен кайыкта эс алып жаткан учурда болгон.
Полициянын маалыматына караганда, турист бутун сууга салып отурганга тиштеп алган.
Жабырлануучу дароо аймактык ооруканага жеткирилип, ага керектүү жардам көрсөтүлгөн. Абалы туруктуу.
Полиция акуланын түрүн да, жабырлануучунун жеке маалыматын да ачыктаган эмес.