Түштүк Кореяда Түндүк Кореядан качып келген жаран Ханган дарыясынын нейтралдуу бөлүгүндө кармалды. Бул тууралуу Yonhap агенттиги кабарлады.
Түштүк Кореянын Башкы штабдар бириккен комитети билдиргендей, окуя 31-июлда болгон.
Маалыматка ылайык, Түштүк Кореянын аскерлери бул адамды эки Кореянын чек арасынан батыш тараптагы аймагынан кармашкан. Ал Түштүк Кореяга өтүүнү каалаганын билдирген.
Бул окуя июль айынын ичиндеги экинчи окуя болуп саналат. Буга чейин 3-июлда дагы бир Түндүк Кореянын жараны чек арадан өтүп, Түштүк Кореяга башпаанек издеп келген.