Бүгүн, 15-январда Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин пресс-борборунда мушкер Азат Усеналиев жана бокс боюнча Кыргызстан курама командасынын башкы машыктыруучусу Адылхан Бекболотовдун катышуусунда маалыматтык жыйын уюштурулду.
Жыйын алкагында “Бүткүл дүйнөлүк бокс серияларына Кыргызстанда клуб түзүп, легионерлерди келишимдин негизинде Бүткүл дүйнөлүк бокс серияларына катыша алабы?” деген суроого жооп кайтарды. “Бүткүл дүйнөлүк бокс серияларына катышуу үчүн 500 000 доллар төлөш керек. Мындай акча бизде жок. Андыктан мүмкүн эмес”.