Биз социалдык тармакта

Баткенде аткезчиликке шектүү жарандар кармалышты

УКМК Баткен облусунда эл керектөөчү товарларды аткезчилик жолу менен ташып келүүчү каналга бөгөт коюлганын билдирди.

Атайын кызмат тактагандай, жеке адамдар тобу Кыргызстандын жана Тажикстандын аймагындагы өткөрүү пункттарын жана бажы жол-жоболорун аткарбай айланып өтүп, эл керектөөчү товарларды ташууга аракет кылышкан.

Шектүү катары 31 жаштагы Т.А.Т, 40 жаштагы К.З.К. жана 26 жаштагы Б.А.Р. аттуу Кыргыз жарандары кармалышты. Алардан 15 миллион сомдон ашык суммадагы унаалар жана материалдык байлыктар алынып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталды.

Учурда тергөө амалдары жүрүп, мыйзамсыз схеманын бардык катышуучулары аныкталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан